Тоңдо тоодон түшө албай калган жарандарга көмөк көрсөтүлдү

Куткаруучулар бүгүн, 22-январда Тоң районундагы Коргондуу-Булак айылынын тоо кыркасындагы Көл-Бел тилкесинде тоодон түшө албай калган эки жаранга жардам көрсөтүштү.
ӨКМ билдиргендей, алар унаасы бузулуп, тоодон түшө албай 112 номерине жардам сурап кайрылышкан.
Жерине Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, эки жаранды Бөкөнбаев айылына аман-эсен алып түшүшкөн. Алардын абалы жакшы экени кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан