Бишкек шаарында ири өлчөмдөгү чөнтөк уурулукка шектүүлөр кармалышканын шаардын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-январда №161 автобуста белгисиз адамдар Э.Б. аттуу жарандын сумкасын уурдап кетишкен. Анын ичинде 595 миң сом, 400 доллар, ошондой эле 100 миң сомго бааланган зер буюмдар болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Сары-Өзөн" базарынын аймагында 1985-жылы туулган, мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон Ш.М. жана Ж.А. аттуу жарандар кармалган.
Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.