Бишкекте автобуста бара жаткан аял 595 миң сом, 400 доллар акчасын, 100 миң сомго бааланган зер буюмдарын каракчыларга алдыртып койду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, шектүүлөр аялдын капчыгын уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш ишин козголду. Натыйжада "Сары-Өзөн" базарынын аймагынан 1985-жылы туулган, мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон Ш.М. жана Ж.А. аттуу жарандар кармалышты. Ленин райондук соту чыгарган чечимдин негизинде алар №1 тергөө абагына камакка алынышты.
Шектүүлөр Ш.М. аттуу жаранга таандык Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаа менен жүрүшкөн. Аны тинтүү учурунда зер буюмдардын топтому табылды.