Балыкчы шаарындагы "Жоогазын" бала бакчасында мөөнөтү өткөн азыктар колдонулган. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Андагы маалымат боюнча, бүгүн, 22-январда шар мэри Баатырбек Жантаев тургундардан түшкөн көптөгөн арыздардын негизинде аталган бала бакчаны текшерген. Анда тендер аркылуу алынган азык-түлүктөрдүн дээрлик бардыгынын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткени белгилүү болгон.
"Бала бакчанын директорунун айтымында, тендердик ишкана товарларды коштомо кагазы жок эле таштап кетчү. Бала бакчанын кызматкерлери документтерди алыш үчүн өздөрү дүкөнгө барууга мажбур болушкан, бул одоно мыйзам бузуу болуп саналат", - деп билдирген мэрия.
Калаа башчысы аталган кырдаалды жеке көзөмөлүнө алганы маалым болду.