Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 52 жаштагы жаран милиция кызматкерине 100 миң сом пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү тергөөчүгө кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу үчүн бир нече жолу пара сунуштаган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон. Акыры ал акчаны берип жатканда колго түшкөн.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, зарыл болгон тергөө иштери уланууда.