АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Гренландияны сатып алуу маселеси боюнча Түндүк Атлантика альянсы (НАТО) менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдө оң жылыштар бар экенин билдирди.
Чет элдик басылмалар жазышкандай, вице-президент Огайо штатында сүйлөгөн сөзүндө президент сүйлөшүүлөрдө максатына жетүүгө жөндөмдүү экенине ишенерин айтты.
Вэнс Дания жана НАТОго мүчө башка мамлекеттер бул келишимдин АКШ үчүн гана эмес, жалпы дүйнөлүк коопсуздук үчүн да маанилүү экенин түшүнүшү керектигин белгиледи.
Анын айтымында, АКШ администрациясы аталган аймакка көзөмөл орнотуу аракеттерин улантат, анткени бул америкалык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуудагы негизги милдеттердин бири болуп саналат.