Роман Абрамовичтин сүйүктүүсүн расист катары сынга алышты

Орусиялык олигарх Роман Абрамовичтин сүйүктүүсү Дарья Жукованын кара терилүү жарым жылаңач кыздын сөлөкөтү түшүрүлгөн манекенде отурган сүрөтү Британияда катуу талкууга алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Сүрөт орус модасы тууралуу жазылган “Бюро 24/7” блогунда жарыяланып, ал жерден Жукованын интервьюсу да орун алган. Модель бул сүрөтүн социалдык тармакка да жайгаштырып, комментарий аркылуу дароо көпчүлүктүн “тепкисине” калган соң алууга мажбур болгон.

Кызыгы, айрымдар сүрөттүн жүктөлгөн датасы белгилүү коомдук ишмер, кезинде биринчилерден болуп кара түстүүлөрдүн укугун коргоо кыймылынын башында турган Мартин Лютер Кингдин туулган күнү менен дал келерин айтышса, айрымдар аны расист катары сынга алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Шаиста Шатманова
2014-01-22 14:28:55
Сындай турган жорук жасаптыр.
0
maksb86
2014-01-23 04:08:26
Атын чыкпаса жер орто!!!
0
Shekerbek
2014-01-23 10:22:51
алдындагы кара кызды байкабапмын тообо! бул жон эле фотожоп эмеспи ???
0
Asus84
2014-01-23 13:40:59
алар деле ушинтип суротко тушуп салып койушсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан