Кыргыз хоккейчилеринин төртүнчү оюну жеңиш менен аяктады (видео)

Кыргызстандын курама командасы хоккей боюнча дүйнө чемпиондугунда (U-20) катары менен төртүнчү жеңишине жетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-январда өткөн төртүнчү турда кыргызстандыктар Люксембургдун курама командасы менен беттешти. Эмир Мелисов, Алихан Али-Аскаров, Захар Бем, Шер Шамшыбеков, Берен Дубанаев аттуу оюнчулар бирден шайба киргизип, 5:2 эсебинде жеңишке жетишти. Жыйынтыгында бул жеңиш Кыргызстандын командасы үчүн төртүнчү болуп, лидерлигин сактап калды.
Белгилей кетсек, үчүнчү дивизиондун В тайпасы командалары арасындагы дүйнө чемпиондугу Бишкек шаарында алты команданын катышуусунда өтүп жатат.
Кыргыз хоккейчилеринин төртүнчү оюну жеңиш менен аяктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан