Биз социалдык тармакта

Чүйдө унаа даракты сүзүп, бир адам каза болду

Чүйдө Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаа даракты сүзүп, кырсыктан бир адам каза болду. Маалыматты ӨКМден тастыкташты.

Мекеме тактагандай, кырсык 23-январда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 36-чакырымында болгон. Айдоочу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып даракты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен бир аял каза болуп, 2 аял жана 1 кыз жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Ысык-Ата райондук №4 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын сөөгүн жана жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан