Биз социалдык тармакта

Токтогулда адам сүзүп кеткен айдоочу Төө-Ашуудан кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөтүп качып кеткен айдоочу Төө-Ашуудан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милицияга 20-январда саат 07:40 чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 273-чакырымындагы жолдун жээгинде 60 жаш курактагы эркек кишини унаа сүзүп кеткени боюнча маалымат түшкөн.
Бул окуя райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, жеринде тиешелүү материалдар чогултулду. Облустук жол тескөөчүлөр жаранды сүзүп, качып бара жаткан Баткен облусунун Лейлек районунун 1997-жылы туулган Г.И. аттуу тургунун Төө-Ашуудан унаасын эвакуаторго жүктөтүп бара жаткан жеринен кармашты.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Токтогулда адам сүзүп кеткен айдоочу Төө-Ашуудан кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан