Биз социалдык тармакта

Баткенде бир жылда 1,5 миллион тоннага жакын көмүр өндүрүлдү

Баткен облусунда былтыркы жылы 1 миллион 401 миң тонна көмүр казып алынды. Бул тууралуу 23-январда облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Көмүр аталган аймактарда өндүрүлдү:
  • Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы 3 кенде, карьер ыкмасы менен – 960 миң тонна көмүр казылып, жалпы көлөмдүн 68,5 пайызын түздү.
  • Сүлүктү шаарынын 46 көмүр шахталары 430,8 миң тонна көмүр өндүрүп, жалпы көлөмдүн 30,7 пайызын түздү.
  • Баткен районунда – 46,6 миң тонна, Лейлек районунда -3,2 миң тонна көмүр өндүрүлдү.
"Ички рынокто Сүлүктү көмүрүнө суроо-талап жогору. Ал эми Кадамжай районунун Бел-Алма көмүр кенинен казып алынган көмүр логистикалык өзгөчөлүктөргө байланыштуу негизинен Ош жана Жалал-Абад облустарына жеткирилүүдө",- деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан