Бишкекте 25 жаштагы жигит ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал KIA Picanto үлгүсүндөгү унаа менен бара жатканда токтотулган. Текшерүүдө анын жанынан 2 килограмм 14 грамм баңгизат табылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Сатуу максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш ишин козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.