Биз социалдык тармакта

Тапанча, ок, бычак... Бишкекте унаалар текшерилип, мыйзамсыз куралдар табылды

Бишкекте куралды мыйзамсыз алып жүргөн бир нече жаран аныкталды. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-январда атайын рейд жүргүзүлгөн. Анда Range Rover үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, андан 9 огу бар травматикалык тапанча табылган. Аталган курал 39 жаштагы жаранга таандык болуп чыккан.

Ошондой эле Lexus GX 470 үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, ээсинен газ-пневматикалык тапанча табылган. БМВ Х5 үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө газ-пневматикалык мылтык, эки бычак жана бир балта табылган. Мындан тышкары, дагы 2 унаа токтотулуп, газ-пневматикалык тапанчалар алынган.

Шаар милициясы жалпысынан 409 унаа текшерилип, жыйынтыгында 13 административдик протокол түзүлгөнүн кошумчалады.

Бишкекте унаалар текшерилип, мыйзамсыз куралдар табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан