Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине атайын кызматтык унаалардын ачкычтарын тапшырды.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, JAC-T8 үлгүсүндөгү 17 даана бригадалык унаа, SHANMON-388H үлгүсүндөгү 8 даана экскаватор-жүктөгүч, Камаз-43118 базасындагы 45 метрлик 2 даана авто-көтөргүч жана JAC–N56 үлгүсүндөгү 10 даана бригадалык унаа тапшырылган. Жалпы 37 атайын автотранспорт каражатынын суммасы 145,8 миллион сом.
Маалыматта 2025-жылы энергетика жана көмүр тармагына жалпы 160тан ашуун атайын автотранспорт каражаттары сатып алынганы кошумчаланды.