Эртең, 23-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10... -15, күндүз 0... -5;
- Талас жергесинде түнкүсүн -13... -15, күндүз 0... -2;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -11... -13, күндүз 0... -2;
- Нарын аймагында түнкүсүн -24... -26, күндүз -15... -17;
- Бишкек шаарында түнкүсүн -11... -13, күндүз 0... -2.