Биз социалдык тармакта

Алайда прокуратуранын жаңы имараты ачылды

Башкы прокурор Максат Асаналиев Ош облусунун Алай райондук прокуратурасынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу 23-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Башкы прокурор мыйзамдуулукту камсыз кылууда жана жарандардын укуктарын коргоодо райондук прокуратуранын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн арттырууга толук шарттар түзүлүп, жаңы имарат кызматтык милдеттерди татыктуу аткарууга жаңы дем берерин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Алай районунун прокуратурасынын кызматкерлери буга чейин 1968-жылы курулуп, эскилиги жеткен имаратта иштеп келишкен. Жаңы имараттын курулушу кыска мөөнөттө толугу менен аяктап, кызматкерлер заманбап жана зарыл болгон шарттар менен камсыздалышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан