Ош облусунда баласын уурдап, аялына зомбулук көрсөткөн жаран боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу 23-январда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-январь күнү Ютуб каналына зомбулук көргөн аялдын видеосы жарыяланды. Анда 2004-жылы туулган Н.М. аттуу жабырлануучуга 1995-жылы туулган М.Ф. аттуу жолдошу 3 жыл бою зомбулук көрсөтүп, акыры ажырашканы айтылган. Бирок жолдошу ажырашканына карабастан 2 жашар кызын уурдап кеткен.
Мурунку зомбулугу үчүн арыздануучунун жолдошу 5 суткага камакка алынды. Ал эми кызынын уурдалышы боюнча 21-январдан баштап текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Учурда бул жубайлардын ортосундагы бала кимде калыш керектигин чечүү боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.