Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту 

Бүгүн, 23-январда өлкө башчы Садыр Жапаров өлкөнүн ири курулуш компанияларынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана борбор калаа мэриясынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда куруучулардын милдеттенмелерин аткарууларына, курулуш тармагын тескеген ченемдик укуктук базадагы карама-каршылыктарды жоюу жана аны өркүндөтүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер көтөрүлгөн.

Мамлекет башчысы курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге тийиштүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Жапаров курулуш компанияларынын ак ниеттүүлүк менен иш алып баруусуна өзгөчө көңүл буруп, куруучулардын таза иштеши керектигин баса белгилеген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан