23-25-январь күндөрү Ош шаарында дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу өтөт. Бул мелдешке Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөлөрү да катышат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, команданын курамына 14 спортчу жана бир машыктыруучу кирет. Жолугушуу Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунун катышуусунда өткөрүлгөн.
Жолугушууда департаменттин жетекчиси спортчуларга ак жол каалап, ишенимдүү таймаштарды, жогорку жыйынтыктарды жана республика деңгээлинде борбор калаанын атын татыктуу коргоп келүүсүн каалады.