Биз социалдык тармакта

Эл аралык хоккей федерациясынын өкүлдөрү Бишкекке келишти 

Бишкек шаардык мэриясында хоккей боюнча жаштар арасындагы чемпиондуктун алкагында Эл аралык хоккей федерациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Шаардык мэриядан билдиришкендей, ага Италиянын Хоккей федерациясынын президенти Андреа Гиос, мелдештин төрагасы Франц Рэндл, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда шаар мэри борбор калаада хоккейди өнүктүрүү боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу пландалып жатканын белгилеп, эл аралык мелдештер шаардык спорттук инфраструктураны жана жаштар спортун өнүктүрүүдө маанилүү экенин айтты.

Эл аралык хоккей федерациясынын өкүлдөрү жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, тараптар мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан