Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча өтүп жаткан үч тараптуу сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Абу-Дабиге келген Орусия, АКШ жана Украинанын делегация башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу БАЭнин WAM маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, БАЭ лидери үч өлкөнүн өкүлдөрүнө сүйлөшүүлөрдө ийгилик каалап, көп жылдан бери уланып келе жаткан кризисти токтотууга багытталган оң жыйынтыктар болот деген ишенимин билдирген.