Биз социалдык тармакта

Бишкекте жол тескөөчүлөрдү сөккөн жаран камакка алынды (видео)

Бишкекте жол тескөөчүлөрдү оозго алгыс сөздөр менен сөккөн 35 жаштагы жаранга чара көрүлдү.

Кайгуул кызматы билдиргендей, ал алкотест тапшыруу учурунда жол тескөөчүлөрдү сөгүп, коомдук тартипти одоно бузган. Окуя 20-январда болгон. Эртеси күнү ал кайра Кайгуул кызматына жеткирилип, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Аталган факт Бишкектин Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, 35 жаштагы киши райондук милицияга өткөрүлүп берилген. Ал Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Кайгуул кызматы жарыялаган видеодон анын кечирим сураганын да көрүүгө болот.

Бишкекте жол тескөөчүлөрдү сөккөн жаран каммакка алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан