АКШнын Нью-Йорк шаарындагы банкка бугу киргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Webster Bank банкынын филиалынын сигнализация иштегендиктен полиция кызматкерлери жерине барган. Бирок алар уурулардын ордуна бугуну табышкан. Бугу алардан качып, кеңседе башаламандык жараткан. Бирок полиция кызматкерли жаныбарды кармап, аны эшикке алып чыгып, коё беришкен. Бугу имаратка терезени сындырып, кирген.