Бишкекте уурулукка шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 20 күн мурун, тагыраагы, 4-январь түнү шектүү шаардын Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан турак жайдын терезесин сындырып кирип, алтын шакек жана кол саатты уурдап кеткен. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 900 долларды түзөт.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. 37 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.