"Апокалипсис" тасмасындагы баш каармандын ролу менен белгилүү болгон актёр Руди Янгблад баңгизат сактоого жана сатууга айыпталып каммакка алынганын чет элдик басылмалар жазышты.
Ал 2 күн мурун, тагыраагы, 22-январда АКШнын Техас штатында кармалган. Актёрдун жанынан баңгизат табылган. Янгблад эки жылга чейин эркинен ажыратылышы же 10 миң доллар айып пул төлөшү мүмкүн.
Айта кетсек, 43 жаштагы актёр 2025-жылдын октябрь айында үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталып кармалып чыкса, 2017-жылы Майамиде мас абалында башаламандык жасаган делип да камалып чыккан.