Австралияда 12 жаштагы бала Жаңы Түштүк Уэльс штатынын жээгинде акуланын чабуулунан 6 күн өткөндөн кийин каза болгонун чет элдик басылмалар жазышты.
Балага 18-январда кол салуу болгон жана анын абалы оор болчу. Ал күнү акуланын кол салуусуна 11, 27 жана 39 жашта жарандар да туш болушкан. Алар ооруканада.
Мурдагы маалыматтарда акуланын чабуулунан кийин 20 пляж жабылганы айтылган.