
Өзгөн районунда жубайын сабап келген деген шек менен 51 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 5-декабрында милицияга 47 жаштагы жаран жолдошу мас абалда үйдө тополоң салып, уруп жаткандыгын кабарлаган. Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүдө шектүү жубайына карата мурда дагы бир канча ирет зомбулук көрсөткөндүгү аныкталып, чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада 51 жаштагы киши убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.