Бишкектеги компьютердик клубдардын биринде чыр салган делген 30 жаштагы жаран камакка алынды.
Октябрь райондук милициясы билдиргендей, 18-январда социалдык тармактарда анын адепсиз сөздөрдү айтып, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп жаткандыгы тартылган видео тараган. Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Шектүүгө карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлүп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.