Ысык-Көлдүн Тоң районунда мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилкелери аныкталып, мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Ага ылайык, Тоң районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анда Улахол, Ак-Терек, Мамбетов жана мурдагы Тоң (азыркы Күн-Чыгыш) айыл өкмөттөрү тарабынан жалпы 196,83 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2007-2008-жылдары мыйзам талаптарын бузуу менен менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Натыйжада жалпы баасы 112 миллион сомду түзгөн жер тилкелер толугу менен мамлекетке кайтарылды.