Биз социалдык тармакта

Ырчы Элзар Өскөнбаева хит болуп жаткан "Чоочун адамым" ыры тууралуу айтты (видео)

Белгилүү ырчы, маданияттын мыкты кызматкери Элзар Өскөнбаева SUPER.KG медиа порталына маек куруп жатып, жакында гана жарыкка чыккан "Чоочун адамым" чыгармасы тууралуу дагы кеп кылды.

Айтымында, ырдын сөзү, обону Айгүл Алыкуловага таандык.

Ырчы айым аталган чыгарма күйөрмандар тарабынан жылуу кабыл алынганын айтып, комуздун коштоосунда аткарып берди.

"Бул ырдын чыкканына аз гана убакыт болду, 31-декабрда чыкты. Бул чыгарма жүрөгүмө, жан дүйнөмө жагып калды. Балким, автор өзү ырдаса мындан дагы жакшы чыгат беле? Же башка ырчы ырдаса. Мага, тагдырыма буюруп калды, ырдап калдым. Жакшы эле, өз күйөрмандарын таап жатат", - дейт ырчы айым.

Маекти толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан