
"Аалам строй" ЖЧКсына таандык курулуш объекттеринде мыйзам бузуулар аныкталып, компаниянын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, 25-январга караган түнү Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө жайгашкан курулуш объектинин №2 блогунун жер төлөсүндө өрт чыккандыгы тууралуу тургундан видео кайрылуу келип түшкөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган курулуш объектинде техникалык жана өрт коопсуздугунун талаптары сакталбагандыгы аныкталып, анын кесепетинен курулуп жаткан имараттын №2 блогунун жер төлөсүндө өрт чыгып, өз учурунда жарандар тарабынан өчүрүлгөндүгү маалым болду.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн курулуш компаниясынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду.