Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кышкы кабыл алуунун 4-туру башталды. Бул тууралуу маалымат "Абитуриент online" сайтында көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, 4-турдагы кабыл алуу бүгүн, 26-январда башталды, 28-январда саат 14:00дө жыйынтыкталат.
Эске салсак, жогорку окуу жайларда кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган келишимдик орундарга гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.