Бүгүн, 26-январда өлкөнүн түштүк аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү саат 03:54дө катталып, Ош облусунун Алай районундагы Алга-Бас, Кабылан-Көл айылдарында күчү 3,5 баллга чейин сезилген. Ал эми Кара-Суу районунун Лаглан, Тогуз-Булак, Тээке айылдарында 3 баллга чейин сезилгени маалым болду.