Курулуш иштерин жакшыртуу максатында тренингдер өтүүдө

17-декабрда Бишкек шаарынын мэриясынын курулуш департаменти, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университети жана  «Хабитат-Кыргызстан» деп аталган коммерциялык эмес коомдук фонду менен биргелешип борбор калаадагы курулуш мекемелеринин кызматкерлерине трениг өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы маалымдайт. Аталган иш-чаранын негизги максаты - тренингде катышуучуларга санитардык-нормативдик жана укуктук актылардын негизинде ар кандай кырдаалдарга туруштук бере алган мекемелердин курулушун түшүндүрүү. Маалыматка караганда, акыркы жылдары 47 жаңы конушта 30 000ден ашык кабат үйлөр курулган. Алардын 60 пайызы санитардык-нормативдик жана укуктук актылардын негизинде курулбаган, өзгөчө кырдаалдарга туруштук бере албаган үйлөр.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан