Биз социалдык тармакта

Этнограф, уз-чебер Айдай Асангулова көз жумду

Кечээ, 25-январда маданият ишмери, уз-чебер, сүрөтчү-конструктор жана изилдөөчү-этнограф Айдай Асангулова 48 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу “Кийиз дүйнө” коомдук фонду билдирди.
Анын “Бүкөн” студиясынын арт-директору, “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун жетекчиси катары улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө эмгеги чоң. Асангулова ЮНЕСКОнун демилгелерин камтыган бир катар эл аралык долбоорлорго катышып, кыргыз этностилин дүйнөлүк деңгээлде таанытууга салымын кошкон.
Маданиятка жана кол өнөрчүлүк тармагына кошкон олуттуу салымы үчүн Айдай Асангулова “Курманжан Датка” медалы, Маданият министрлигинин жана президенттин Ардак грамоталары, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 27-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылында өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан