Биз социалдык тармакта

Таласта мыйзамсыз иштеп жаткан заводго айып пул салынды 

Таластын Айтматов районунун Чоң Кара-Буура айылындагы асфальт-бетон заводу мыйзамсыз курулуп, иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен өлкө аймагындагы курулуш объекттери боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулган.
Анда аталган асфальт-бетон заводу реестрге катталбастан курулуп жатканы, курулуш иштери 70 пайызга аяктап, завод толук кандуу иштеп жаткандыгы маалым болгон. Натыйжада, ишканага карата 200 миң сом айып пул салынып, реестрге катталуу боюнча көрсөтмө берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан