
Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын алдындагы "Аалам" фольклордук тобу жана "Адеми" бий ансамбли Индияда өткөн XI эл аралык “Музыка жана бий” фестивалына ийгиликтүү катышты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, фестивалдын алкагында кыргызстандык чыгармачыл жамаат жогорку деңгээлдеги концерттик программаны тартуулап, кыргыз элинин улуттук музыкасын, обондорун, ырларын, бийлерин, ошондой эле салттуу музыкалык аспаптарын дүйнөлүк коомчулукка кеңири тааныштырышты. Концерттик программалар жогорку баага татыктуу деп табылып, жамаат фестивалдын жыйынтыгында эл аралык лауреаттык наамдарга ээ болду.
Бул маданий иш-чара Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук жана маданий байланыштарды чыңдоого өбөлгө түздү.