
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, райондук милицияга С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, таанышы өткөн жылдын ноябрь айында ишеничине кирип, анын 102 миң сомдук уюн сатып алып, бүгүнкү күнгө чейин акчасын бербей жүргөн.
Бул арыз катталып, Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү катары 51 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалган. Тергөө учурунда анын дагы бештен ашык ушуга окшош кылмыштарды жасаганы аныкталды. Учурда тергөө уланууда.