
Бүгүн, 26-январда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри
Нурдан Орунтаев социалдык тармактарга жарыяланган видеокайрылуунун негизинде “Элит-Строй-Сити” ЖЧКсынын өкүлү
Бекжан Касымжанов менен жолугушуу өткөрдү.
Курулуш министрлиги билдиргендей, компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди карап чыгып, тиешелүү кызматкерлерге бир катар тапшырмалар берилип, Ош облусундагы бардык курулуш объекттерин толук текшерип чыгуу зарылдыгы белгиленген.
Мындан тышкары, текшерүү иштери толук жыйынтыкталмайынча компанияга жаңы долбоорлор боюнча курулуш иштерин баштоого убактылуу тыюу салынары эскертилген.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Ош шаарынын Касымбеков көчөсү 8а дарегинде курулуп жаткан “Манас” турак жай комплексинен батир сатып алган жарандардын видеокайрылуусу тараган. Кайрылуу 2025-жылдын күз мезгилинде тартылганы аныкталган.