Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы турак үйлөрдүн биринен көмүр исине ууланып бир үй-бөлүнүн төрт мүчөсү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык болгон учурда үйдүн ичинде 32 жаштагы атасы, 24 жаштагы апасы, эки жана бир жаштагы кыздары болгон. Окуя тууралуу маалымат саат 12:20 чамасында түшкөн.
Учурда кырсык боюнча тактоо иштери уланууда.