Биз социалдык тармакта

Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөдө эмгектенген дарыгерлер менен сүйлөштү 

Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөлөрдө эмгектенген дарыгерлер менен аралыктан жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолгушууга Германия, АКШ, Улуу Британия, Орусия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жана башка мамлекеттерде медицина тармагында иштеп жаткан кыргыз адистери катышкан.
"Жолугушуунун негизги максаты кесиптик тажрыйба алмашуу, медицинадагы эл аралык практикаларды талкуулоо, кадрларды даярдоо, саламаттык сактоону санариптештирүү жана чет өлкөлөрдө эмгектенип жаткан мекендештердин улуттук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо болду", - деген министрлик.
Сүйлөшүүдө дарыгерлер дүйнөнүн алдыңкы клиникаларындагы иш тажрыйбаларын бөлүшүп, улуттук саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан