Индиянын Батыш Бенгалия штатында Нипах вирусунун учурлары катталганына байланыштуу, Кыргызстанда алдын алуу чаралары күчөтүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагында бул вируска байланыштуу учурлар жок экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек араларда санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, медициналык мекемелер инфекцияны эрте аныктоо жана каршы эпидемиялык иш-чараларга даярдалды.
Министрлик калкты сабырдуулукка чакырып, эпидемиологиялык абал толук көзөмөлдө экенин маалымдады.