Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаранды колун байлап, чечиндирип сабагандар кармалышты (видео)

Социалдык тармактарда бир жаранды чечиндирип, колун байлап сабап жаткан топ жигиттердин видеосу тарады. Ага байланыштуу Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясы кылмыш иши козголгонун билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылды. Анда 25-январда саат 16:00 чамасында Бакаев көчөсүндө белгисиз эки жаран аны сабап кеткендигин билдирди.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1997-жылы туулган Д.А. жана 1995-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандар аныкталды.
Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.
Бишкекте чыр-чатакка байланыштуу кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан