
Бүгүн, 27-январда эл аралык жана жергиликтүү маанидеги жолдордо, ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз - Талас - Суусамыр жолундагы Өтмөк ашууларында себелеп кар жаап жатат. Ошондой эле Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп - Кеген жолунда жол ачык, каттам бар.
Министрлик айдоочуларды жол эрежесин сактоого, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.