Биз социалдык тармакта

"Убакыт аз калды". Бишкектин жол милициясы такси айдоочуларына лицензия боюнча кайрылды (видео)

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматы такси айдоочуларына кайрылып, 2026-жылдын 1-февралына чейин лицензия алуу зарылдыгын эскертти.

Маалымдалгандай, лицензия алуу үчүн талап кылынган документтердин басымдуу бөлүгүн "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу алуу мүмкүн. Алар:

1. Жеке жакты тастыктаган документ (паспорт);
2. Салык органына катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3. Жүргүнчүлөр алдындагы жарандык жоопкерчилик боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими;
4. Автотранспорт каражатын каттоо күбөлүгү;
5. Тиешелүү категориядагы айдоочунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү (айдоочулук стажы 3 жылдан кем эмес);
6. Соттуулугу тууралуу маалымкат.

"1-февралга чейин убакыт аз калды. Ушуга байланыштуу бардык такси айдоочуларын талап кылынган документтерди өз убагында чогултуп, лицензия алууга чакырабыз. Белгиленген мөөнөттөн кийин рейддик иш-чаралар башталат",- деп билдирди мекемеден.




Бишкектин жол милициясы такси айдоочуларына лицензия боюнча кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан