Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында 27-29-январь күндөрү кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бул күндөрү төмөнкү ашууларда кар көчкү түшүүcү күтүлөт:
- Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
- Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусу.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам унаалардын кыймылы ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарылдыгы айтылды.