Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө убактылуу кармоочу жайдын мурдагы башчысы опузалоого шектелүүдө (видео)

Ысык-Көл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы опузалоо кылмышына шетелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, аталган кызматтын мурдагы башчысы Т.К. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, убактылуу кармоочу жайда ыңгайлуу шарттарды убада кылып, М.К. аттуу жарандан акча талап кылган. Ал төлөөдөн баш тартканда жетекчи башка кызматкерлери менен ага кол салган. Бул окуя ачыкка чыккандан кийин Т.К. ички иштер органындагы кызматынан өз ыктыяры менен кетти.

Иликтөө иштеринин натыйжасында Т.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда.

Ысык-Көлдө убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы опузалоого шектелүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан