Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында батирлердин биринен өрт чыгып, 86 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Гагарин көчөсүндөгү көп кабаттуу батирдин бир бөлмөсү түтөп чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 10:05те толук өчүрүлдү.