Биз социалдык тармакта

Декларация толтурбаган кызматкерлерге 13 миллион сомдон ашык айып пул салынды

2024-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган же туура эмес маалыматтарды көрсөткөн 3472 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер аныкталды.
Башкы прокуратура билдиргендей, аталган фактылар боюнча Укук бузуулар кодексинин 438-беренесинин (Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды бербөөсү же талаптагыдай эмес берүүсү) негизинде укук бузуу өндүрүштөрү козголгон.
Натыйжада, материалдар сот органдарына кароо үчүн жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы менен 2882 кызмат адамына жалпы 13 миллион 674 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Учурда калган кызматкерлерге карата материалдар сот тарабынан кароо стадиясында турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан