Биз социалдык тармакта

Бишкекте 18, 17 жаштагы уландар опузалап акча талап кылууга шектелип кармалышты

Бишкекте 18 жаштагы эки, 17 жаштагы үч жигит опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-январда милицияга кайрылган жаран өткөн жылдын 18-декабрында 17 жаштагы уулун коркутуп, "баңгизаттарды таратып жүрөсүң" деген айыптоо менен видеого тартып алышып, анан 400 миң сом акча талап кылгандарга чара көрүүнү суранган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада, шектүүлөр 400 миң сомду алып жаткан жеринен колго түшүшкөн. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан